Караколдун эки аймагындагы жапайы кара куурайлар жок кылынды

Караколдун эки аймагындагы жапайы кара куурайлар жок кылынды

Каракол шаарында жапайы кара куурайларды аныктоо жана жок кылуу боюнча кезектеги иш-чара Челпек аймагындагы тоо этектеринде жана Пристань конушунда уюштурулду. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Челпек аймагындагы тоо этектеринде болжол менен 25 сотых жерге жыш өскөн кара куурайлар аныкталган. Өсүмдүктөрдү аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери, мэриянын өкүлдөрү жана жергиликтүү активисттер өрттөө жолу менен жок кылышты.

Мындан тышкары, Пристань аймагындагы жол жээктеринде болжол менен 10 сотых аянтты ээлеген жапайы өскөн кара куурайлар да толугу менен тазаланды.

Адистердин айтымында, мындай иш-чаралар баңгизаттык касиетке ээ жапайы өсүмдүктөрдүн жайылышына бөгөт коюу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана айлана-чөйрөнү таза сактоо максатында өткөрүлүүдө.

Тиешелүү кызматтар бул багыттагы иштер мындан ары да улантылып, калаа аймагындагы жапайы өскөн кара куурайларды өз убагында аныктоо жана жок кылуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана дыйкандарды колдоо;

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда ушул жылдын январь–сентябрь айларында 33 мектеп, 37 мекеме курулду. Бул тууралуу 19-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 9 айында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7

Ишкер Media
Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Эмгек министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Эл аралык Мета-Илимий университеттин ректору Нурлан Исмаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жолугушууда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жана аярлуу катмардагы жаштардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү талкууланды. Университетте учурда ата-энеси жок 13 бала акысыз

Ишкер Media