Манас шаарында акылдуу технологияларды киргизүү маселесин талкуулашты

Манас шаарында акылдуу технологияларды киргизүү маселесин талкуулашты

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов Project Vision AI компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жасалма интеллектке негизделген мүмкүнчүлүктөр, анын инфратүзүмдү жакшыртуудагы артыкчылыктары тууралуу маалымат алды.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, жолугушууда акылдуу мамыларды шаар аймагына орнотуу, коомдук коопсуздукту күчөтүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Компания өкүлдөрү Smart Pole системасы аркылуу көчөлөрдү жарыктандыруу, видеокөзөмөл жүргүзүү, энергияны үнөмдөө жана жасалма интеллекттин негизинде маалыматтарды талдоо сыяктуу бир катар кызматтарды бир түзүмгө бириктирерин белгилешти.

Ошондой эле мындай технологиялар шаардык кызматтардын ишин натыйжалуу уюштурууга, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп берүүгө жана шаарды башкаруунун санариптик деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар Smart Pole долбоорун этап-этабы менен ишке ашыруунун мүмкүн болгон багыттарын биргелешип кароого макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана дыйкандарды колдоо;

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда ушул жылдын январь–сентябрь айларында 33 мектеп, 37 мекеме курулду. Бул тууралуу 19-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 9 айында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7

Ишкер Media
Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Эмгек министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Эл аралык Мета-Илимий университеттин ректору Нурлан Исмаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жолугушууда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жана аярлуу катмардагы жаштардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү талкууланды. Университетте учурда ата-энеси жок 13 бала акысыз

Ишкер Media