Кыргызстанда 8,4 миң бош жумуш орду бар
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 8 450 бош жумуш орду актуалдуу бойдон калууда. Алардын басымдуу бөлүгүн жумушчу кесиптер түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 16 106 бош жумуш орду сунушталган. Учурда алардын 8 450сүактуалдуу бойдон калууда.
Маалыматка ылайык, бош орундардын басымдуу бөлүгүн жумушчу кесиптер түзөт. Жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү максатында министрликтин адистери иш берүүчүлөр менен кадрларга болгон муктаждыкты туруктуу негизде аныктап келишет.
Ошондой эле учурда иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүндө 60 585 жумушсуз жана жумуш издеген жаран каттоодо турат. Алардын 37 886сы расмий жумушсуз макамына ээ.
Министрлик жарандар жашаган жери боюнча иш менен камсыз кылуу кызматтарына акысыз кайрылып, бош жумуш орундарын тандоо, кесиптик окуудан өтүү жана мамлекеттик иш менен камсыз кылуу программаларынан пайдаланууга болорун эскертти.