"Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери 90% аяктады

"Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери 90% аяктады

50 жылдан ашык тарыхы бар "Манас" эл аралык аэропортунун реконструкциясы соңуна чыгып калды. Учурда курулуш иштеринин 90%ы бүткөрүлүп, объектти пайдаланууга берүү даярдыгы жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери 2025-жылы башталган. Долбоор министрлик тарабынан иштелип чыгып, курулуш "Кыргызстан аэропорттору" ААК менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Министрлик белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө социалдык объектилер менен катар ири инфраструктуралык долбоорлорду куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери активдүү жүргүзүлүп жатат.

Учурда министрликтин карамагында социалдык жана маданий багыттагы 500дөн ашык объекттин курулушу жүрүүдө. Алардын арасында ири спорттук курулмалар, маданий жана туристтик комплекстер бар.

Ошондой эле "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комплекси, Таластагы "Баластан" балдар оюн-зоок борбору, "Манас Ордо" улуттук комплекси, "Чыңгыз Айтматов Ааламы" тарыхый-маданий комплекси жана "Манас-2" эл аралык аэропортунун жаңы терминалы сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Маалыматка ылайык, бул объектилердин бир бөлүгүн 2026-жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52