2030-жылга чейин 106 суу сактагыч куруу пландалууда

2030-жылга чейин 106 суу сактагыч куруу пландалууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкөнүн суу чарба тармагын өнүктүрүү, ирригациялык инфраструктураны жаңылоо жана калкты сапаттуу суу менен камсыздоо багытында масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.

Маалыматка таянсак, аталган тапшырмаларды ишке ашыруунун алкагында “Кыргызсуу долбоору” мамлекеттик мекемеси тарабынан суу чарба объектилерин долбоорлоо, куруу жана жаңылоо боюнча маанилүү иштердин аткарылышын көзөмөлдөн өткөрүлдү. 

2030-жылга чейин 106 жаңы суу сактагычты куруу жана суу чарба инфраструктурасын заманбап талаптарга ылайык жаңылоо пландалууда. Бул долбоорлор ишке ашкан учурда дыйкандарды сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Суу көйгөйүн системалуу чечүү айыл чарба тармагындагы өндүрүмдүүлүктү 70%ге дейре жогорулатып, дыйкан-фермерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Натыйжада аймактардын экономикалык активдүүлүгү өсүп, калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу