Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды.

Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун 34,6-чакырымындагы көпүрө 17 айылды район борбору менен байланыштырган жалгыз жол. Жаан-чачында суу көтөрүлүп, кооптуу абал жаралууда. Жаңы көпүрө 2026-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, долбоору даярдалууда. Төрага маселени ыкчам чечүүнү тапшырды.

Сай айылындагы Ак-Талаа участогунда 153 га жерди, анын ичинде 110 га кайрак жерди сугаруу долбоору сунушталды. Айылда 534 үй-бүлө жашайт. Орто-Талаа жана Токбай-Талаа айылдарында 215 га жерди сугаруу долбоору да каралды - бул айылдарда 921 кожолук бар.

Көндүк айылындагы Сабыркул атындагы мектеп 1984-жылы салынган, 2014-жылы авариялык деп табылган. 164 окуучу билим алат. 150 орундуу жаңы мектептин документтери даяр, бирок курулуш башталбай жатат.

Ылай-Талаа - Гүлчө жолунун узундугу 50 км. Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнүп, 2025-жылы иш башталган. Учурда жол 14 метрге чейин кеңейтилип, 4 км аралыкка асфальт төшөлдү.

Маматалиев бардык көтөрүлгөн маселелерди сапаттуу жана мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media