Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү
Нарын облусунда ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген каржылоо боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев, Финансы-кредиттик фондунун төрагасы Элдияр Доолбеков жана жергиликтүү ишкерлер катышты.
Ишкерлерге мамлекеттик колдоо чаралары, жеңилдетилген насыялар, долбоорлорду каржылоо шарттары жана стартаптарга көрсөтүлүүчү көмөк тууралуу маалымат берилди. Жолугушуу суроо-жооп форматында жыйынтыкталды.