“Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышы болду

“Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышы болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Ысык-Көл облусунда “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кыргыз деңизи” санаторийин комплекстүү жаңылоонун биринчи этабы аяктагандан кийин, “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борбору катары ишке кирди. Өткөн жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде бул объект тоо-кен тармагында эмгектенген кызматкерлердин эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу максатында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкаруусуна өткөрүлүп берилген.

1975-жылы негизделген “Кыргыз деңизи” санаторийи өлкөнүн эң ири жана белгилүү ден соолукту чыңдоо жайларынын бири болуп келген. Бирок имараттардын жана инженердик коммуникациялардын узак мөөнөт пайдаланылышына байланыштуу объектти комплекстүү оңдоп-түзөө зарылдыгы жаралган.

Жаңыланган башкы корпус, инженердик инфраструктура жана борбордун аймагы менен конок бөлмөлөрү заманбап талаптарга ылайык толугу менен оңдолуп, жаңы эмерек жана техникалар менен жабдылды. Ошондой эле узундугу 205 метрди түзгөн заманбап пирс ишке кирди, 2009-жылдан бери иштебей турган ачык бассейн пайдаланууга берилди. Учурда эл аралык стандарттарга жооп берген көп функционалдуу спорт комплексинин курулушу уланууда. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media
Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды. Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун

Ишкер Media