Кыргызстандан күйүүчү май алып чыгууга тыюу салынды

Кыргызстандан күйүүчү май алып чыгууга тыюу салынды

Министрлер кабинети Кыргызстандан мунай продукцияларын алып чыгууга тыюу салды. Минкабдын 13-июлдагы токтомуна ылайык, мунайды жана мунай каражаттарын Кыргызстандан алып чыгууга тыюу салуу бардык багыттар боюнча, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө карата да иштейт. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтин мурунку редакциясы ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары гана алып чыгууга тыюу салган. Эми мунайды жана мунай продуктыларын автомобиль жана темир жол транспорту менен ички рынок камсыз болгонго чейин алып чыгууга тыюу салынды.

Минкаб чечими менен кайра иштетилген продукцияны милдеттүү түрдө кайра алып кирүү шарты менен нафта, мазут жана меш отунун кайра иштетүүгө бажы аймагынан тышкары чыгарууга болот. Ошондой эле транспорт каражаттарынын штаттык бактарындагы күйүүчү майды алып чыгууга да тыюу салынбайт.

Ушул эле токтом менен 2026-жылдын 25-майынан тартып 2027-жылдын 1-апрелине чейинөлкөгө автомобиль транспорту аркылуу мунай каражаттарынын айрым түрлөрүн (экологиялык отун (биоотун), жеңил жана орто дистилляттар (бензин жана дизель отуну — ред.), керосин, газойлдор, газохол, газолин, стабилдүү газ композити, нафта, нефрас, бензанол, меш отуну) алып кирүүгө уруксат берилди.

Мамлекеттик бажы кызматына жана Чек ара кызматына мыйзамсыз алып чыгуунун алдын алууга багытталган чараларды көрүү тапшырылды.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media
Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды. Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун

Ишкер Media