Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай Талас шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, керектүү каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери пландын негизинде уланууда.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Талас шаарында оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мамлекеттик имараттарды жана жеке менчик көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып, иштерин сапатуу жана өз убагында жасоо тапшырмасын берди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media
Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды. Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун

Ишкер Media
Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарын облусунда ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген каржылоо боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев, Финансы-кредиттик фондунун төрагасы Элдияр Доолбеков жана жергиликтүү ишкерлер катышты. Ишкерлерге мамлекеттик колдоо чаралары, жеңилдетилген насыялар, долбоорлорду каржылоо шарттары жана стартаптарга көрсөтүлүүчү көмөк

Ишкер Media
Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды. Өзгөчө көңүл президент Садыр Жапаровдун Иран президенти Масуд Пезешкиан

Ишкер Media