Түнкү рейд: 36 өспүрүмдүн ата-энесине коопсуздук боюнча маалымат берилди

Түнкү рейд: 36 өспүрүмдүн ата-энесине коопсуздук боюнча маалымат берилди

Манас шаарында 14-июлдан 15-июлга караган түнү өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында "Өспүрүм түн" аталышындагы рейд өттү.

Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, иш-чарага тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышып, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, иш-чаранын максаты — өспүрүмдөрдүн түнкү убакта көңүл ачуучу жана компьютердик оюн-зоок жайларында көзөмөлсүз жүрүүсүнө жол бербөө.

Жыйынтыгында 36 өспүрүм ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мэрия ата-энелерди балдарынын коопсуздугуна көңүл буруп, бош убактысын туура пайдалануусун көзөмөлдөөгө чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда ушул жылдын январь–сентябрь айларында 33 мектеп, 37 мекеме курулду. Бул тууралуу 19-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 9 айында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7

Ишкер Media
Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Эмгек министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Эл аралык Мета-Илимий университеттин ректору Нурлан Исмаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жолугушууда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жана аярлуу катмардагы жаштардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү талкууланды. Университетте учурда ата-энеси жок 13 бала акысыз

Ишкер Media
Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды

Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды

Бишкекте Хорватиянын консулдугунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен 19-октябрда билдиришти. Иш-чарага Экономика жана коммерция министрлигинин жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Маалыматка ылайык, Хорватиянын Кыргызстандагы консулу болуп Абдирахим Бабаев дайындалды.  Консулдуктун негизги багыттары — эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана ишкерлердин кызматташтыгын

Ишкер Media
Баткенде курулуш ишинде мыйзам бузуулар аныкталды

Баткенде курулуш ишинде мыйзам бузуулар аныкталды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылындагы спорт залдын курулушуна текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, текшерүүнү Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы жүргүзгөн. Текшерүүдө курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук эрежелери бузулганы аныкталды. Курулуш аянтчасы убактылуу тосмо менен тосулган эмес, курулуштун ар бир этабын кабыл алуу талаптары

Ишкер Media