Жалал-Абадда битум заводу текшерилип, талапка жооп берсе сертификат берилет

Жалал-Абадда битум заводу текшерилип, талапка жооп берсе сертификат берилет

Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери Сузак районунда жайгашкан мунай битумун өндүрүүчү заводдо сертификациялык иштерди жүргүздү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, адистер Курук-Сай тилкесиндеги заводго барып, өндүрүш технологиялары менен таанышып, өндүрүмдү даярдоодо коюлган техникалык талаптардын сакталышын текшеришти.

Иш-чаранын алкагында лабораториялык сыноолорду өткөрүү үчүн заводдо чыгарылган битумдан үлгүлөр алынды.

Сыноолордун жыйынтыгы менен өндүрүмдүн белгиленген ченемдик талаптарга жооп берери бааланат. Анын негизинде мунай битумуна шайкештик сертификатын берүү же берүүдөн баш тартуу боюнча чечим кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородо токойлорду көбөйтүү үчүн көчөттөр өстүрүлүүдө

Тогуз-Тородо токойлорду көбөйтүү үчүн көчөттөр өстүрүлүүдө

Тогуз-Торо токой чарбасынын Макмал токой бөлүмүнө караштуу питомникте 2025–2026-жылдары уруктан өстүрүлгөн көчөттөргө асыроо иштери жүргүзүлдү. Токой кызматынын маалыматына ылайык, адистер көчөттөрдүн жакшы өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн отоо, топурагын жумшартуу, сугаруу жана башка агротехникалык иштерди аткарышты. Белгиленгендей, өстүрүлгөн көчөттөр келечекте токойлорду калыбына келтирүү жана жаңы токой аянттарын

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери текшерилди

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Момбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Иш сапардын жүрүшүндө жол куруу иштеринин сапатына, аткарылып жаткан жумуштардын көлөмүнө жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына көңүл бурулду. Министрдин

Москва райондук архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Москва райондук архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Тилек Уметалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Ведомствонун маалыматына ылайык, тиешелүү буйрукка курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду. Жаңы жетекчини Шаар куруу жана архитектура департаментинин

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармектерди биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармектерди биргелешип сатып алууну талкуулады

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасында Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору "СК-Фармация" компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тажрыйба алмашуу, дары-дармектерди борборлоштурулган сатып алуу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар 2027-жылга дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды биргелешип