"Социалдык контракт" программасы аркылуу 7 миңден ашуун үй-бүлө жардам алды

"Социалдык контракт" программасы аркылуу 7 миңден ашуун үй-бүлө жардам алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги турмуштук оор кырдаалга кабылган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган киреше алып келүүчү “Социалдык контракт” программасын ишке ашырууну улантууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 7 042 социалдык контракт түзүлдү. Программанын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында ишке ашырылууда.

“Социалдык контракт” программасы президенттин демилгеси менен 2022-жылдан тартып ишке ашырылып келет. Анын негизги максаты – үй-бүлөлөргө өз ишин баштоого көмөк көрсөтүү, туруктуу киреше булагын түзүүгө жана жашоо шартын жакшыртууга шарт түзүү.

Алгач мамлекеттик колдоонун өлчөмү 100 миң сомду түзгөн болсо, 2025-жылдан тартып ал 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Программа өзүнүн жогорку натыйжалуулугун көрсөтүүдө: алгачкы катышуучулардын ичинен 15 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашты.
Долбоордун катышуучуларынын көпчүлүгүн айыл жергесинде жашаган аялдар түзөт.

2026-жылы программага 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө катыша алат. Алардын ар бири өзүнүн бизнес-долбоорун ишке ашыруу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз мамлекеттик колдоого ээ болот.

Мындан тышкары, Министрлик “Социалдык контракт” долбоорунун катышуучулары үчүн пайызсыз насыя берүү программасын ишке ашырууда. 2026-жылдын башынан бери 150 адам жеңилдетилген насыя алып, анын аркасында өз ишкердигин кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Мындан тышкары окуңуз

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды. Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун

Ишкер Media
Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарын облусунда ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген каржылоо боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев, Финансы-кредиттик фондунун төрагасы Элдияр Доолбеков жана жергиликтүү ишкерлер катышты. Ишкерлерге мамлекеттик колдоо чаралары, жеңилдетилген насыялар, долбоорлорду каржылоо шарттары жана стартаптарга көрсөтүлүүчү көмөк

Ишкер Media
Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды. Өзгөчө көңүл президент Садыр Жапаровдун Иран президенти Масуд Пезешкиан

Ишкер Media
SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

Декабрдын башынан тартып SCAT авиакомпаниясы Бишкек - Санья - Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору АКК билдирди. Маалымдалгандай, түз аба каттам Кыргызстандыктарга Кытайдын эң популярдуу курортторунун бири - Хайнань аралындагы Санья шаарына которулмаларсыз жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы чартер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди өнүктүрүп, жүргүнчүлөр үчүн дагы бир

Ишкер Media