Курулуш объектилеринде иш алып барган чет өлкөлүктөргө мыйзам талаптары түшүндүрүлдү

Курулуш объектилеринде иш алып барган чет өлкөлүктөргө мыйзам талаптары түшүндүрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан курулуш объектилеринде эмгектенген чет өлкөлүк куруучуларга мыйзам талаптарын сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы мезгилде айрым курулуш объектилеринде чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда коомдук тартипти бузуу, мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин колдонуу сыяктуу мыйзам талаптарына каршы аракеттер катталган учурларга байланыштуу алдын алуу иштери күчөтүлдү.
Аталган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарындагы бир катар курулуш объектилерин камтыды.

Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жай комплекси, Бакаев көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулушу;

⁠Ош шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө курулуп каткан “Эне-Сай CITY” турак жай комплекси, Ноокат тракт дарегинде курулуп жаткан таштандыны кайра иштетүүчү завод, Ташкент көчөсүндөгү С. Жигитов атындагы мектеп, Баялинов көчөсүндө жайгашкан “Ош Нуру” мейманканасы, Өзгүр айылында курулуп жаткан бетон заводу, Кең-Сай массивинде курулуп жаткан кыш заводу;

Талас облусундагы Суусамыр – Талас – Тараз автоунаа жолун оңдоп жаткан подряддык уюмдар;

Баткен облусундагы Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылындагы кыш өндүрүүчү заводдун курулушу, Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан автоклавдык газаблок өндүрүүчү эко-завод;

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон – Каракол, Балыкчы – Бөкөнбаев – Барскоон авто жолунда иш алып барып жаткан подряддык уюмдар, Каракол жана Балыкчы шаарында курулуп жаткан МИКте иштеген куруучулар, Каракол шаарындагы спорт комплекси;

Ош облусунун Ноокат районундагы Борбаш айылынын Кара-Дөбө тилкесиндеги кыш заводунун курулушу, Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында курулуп жаткан 2 тилкелүү май куючу жай, Кара-Суу району Садырбай – Каратай автожолунунун курулушу, Савай айыл аймагына караштуу Курбан-Кара айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу, Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылындагы Отуз-Адыр каналын оңдоо, Чоң-Алай райондук А.Молдоболотов атындагы жугуштуу ооруулар бөлүмүнүн жана лабороториянын курулушу,Чоң-Алай райондук Социалдык фонд башкармалыгынын имаратынын курулушу:

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы контур 77, 398, 403, 396 жана 399 аймактарындагы курулуш объектилери;

Манас шаары Барпы – Сейил жана Абдрахманов көчөлөрүндө курулуп жаткан 16,10-кабаттуу “Асман Резиденс” турак жай комплекси, Аттокуров көчөсүндөгү Муниципалдык базардын курулушу, Сузак районунда курулуп жаткан Кыргыз – Кытай – Өзбекстан темир жолу;

Нарын облусу, Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын Ак-Улак көмүр кени, Сары-Булуң жолунун курулушу, Жаңы-Жол тилкесиндеги канализациялык курулма жана Ак-Кыя тилкесиндеги бетон заводунун курулушу, Нарын шаарында жайгашкан “Тянь-Шань” турак жай комплексинин курулуш объектиси.

Жолугушуулардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жумушчуларга Кыргызстандын мыйзам талаптарын сактоо, коомдук тартипти бузбоо, ошондой эле мыйзамсыз аңчылык, балык уулоо жана башка укук бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Улуттук банк 8-августка карата валюталардын расмий курсун жарыялады. Ага ылайык, доллардын курсу өзгөрүүсүз, тагыраагы 87,4500 сом бойдон калды. Евро 100,9435 сомдон 100,7730 сомго түшүп, 0,17%га төмөндөдү. Ал эми рублдин курсу 1,0652 сом деп белгиленип, 1,36%га түштү. Теңге болсо 0,1871 сомдон