Абдрахманов көчөсүндөгү жол өтмөктө унаа кыймылы убактылуу чектелет

Абдрахманов көчөсүндөгү жол өтмөктө унаа кыймылы убактылуу чектелет

Бишкек шаарынын мэриясы Абдрахманов көчөсүндөгү жол өтмөктө курулуш иштери улантылып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жол өтмөктүн шып бөлүгүн каптоо жана жылуулук тармактарынын инженердик коммуникацияларын орнотулуп жатат.

Аталган иштерге байланыштуу бүгүн саат 18:00дөн тартып дүйшөмбү күнгө чейин Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө түштүк багыттагы унаа кыймылынын бир тилкеси убактылуу жабылат.

Жол кыймылы киргизилген чектөөлөргө ылайык уюштурулат. Айдоочулардан каттамдарын алдын ала мерчемдеп, убактылуу жол белгилеринин талаптарын сактоо жана коопсуздук кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткаруу суралды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Бишкекте Кыргызстан менен Пакистандын Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, жыйында логистика, айыл чарба, адал индустрия, текстиль жана дары-дармек тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле тараптар транспорттук байланыштарды жакшыртуу, бажы жол-

Баткенде 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү

Баткенде 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү

Баткен облусунда ветеринардык дары-дармектердин сатылышына жана сакталуусуна көзөмөл жүргүзүү максатында 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Текшерүү 2-сентябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Баткен облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана

Таш-Көмүрдө көчөлөрдөгү топурактын сапаты текшерилди

Таш-Көмүрдө көчөлөрдөгү топурактын сапаты текшерилди

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы көчөлөрдө топурактын сапатын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнү министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери жүргүзгөн. Жеринде тиешелүү сыноолор өткөрүлүп, лабораториялык изилдөө үчүн топурактан үлгүлөр алынды. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында топурактын физикалык-

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткен ОИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 43 жаштагы Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу аймактык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин бир нече тургун милицияга кайрылып, 2025–2026-жылдары аталган жаран "Европа өлкөлөрүнө жөнөтүп, жумушка орноштурам" деп ишенимге кирип, ар