Бишкекте мыйзамсыз объектилер буздурулууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилер буздурулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Д.Садырбаев жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы объектилерди бузууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө башкармалыктын адистери муниципалдык жер тилкесинде өз алдынча курулуш жүргүзүү жана жерди мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныкташкан. Анын негизинде Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык мыйзам бузган тарапка жалпы суммасы 180 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле Жер кодексинин талаптарына ылайык муниципалдык жер тилкесин иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмү эсептелди.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында 2 миң чарчы метрден ашык муниципалдык аймак бошотулат.

Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы чакан, орто жана ири бизнес өкүлдөрүн жер мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, муниципалдык жерлерди өз алдынча ээлеп албоого жана берилген жер тилкелеринин белгиленген чегинен чыкпоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media