Тамекинин баасын жогорулатуу сунушталды

Тамекинин баасын жогорулатуу сунушталды

Кийинки жылдан тарта Кыргызстанда тамеки менен айкостун стиктеринин эң төмөнкү баасын 135 сом кылуу сунушталууда. Министрлер Кабинети тамеки жана ысытылуучу тамеки продукцияларынын эң арзан дүң-чекене баасын 2029-жылга чейин этап-этабы менен жогорулатууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Долбоорго ылайык, кийинки жылдан тарта тамеки менен айкостун стиктеринин эң төмөнкү баасын 135 сом кылуу сунушталууда. Ал эми 2028-жылы 150 сом жана 2029-жылы 165 сом болуп белгиленет.

Алардын эң арзан деген баасы 2026-жылы 120 сом болсо, былтыр 110 сом болгон.

Демилгечилер бул чара тамеки тартууну азайтуу, калктын ден соолугун чыңдоо жана бюджетке түшкөн салыкты көбөйтүү максатын көздөй турганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media