Чүйдө курулуш мыйзамдарын бузгандарга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды

Чүйдө курулуш мыйзамдарын бузгандарга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды

Шаар куруу жана архитектура мыйзамдарынын талаптарын бузган "Арал-Боом", "Мостострой отряд" мамлекеттик ишканасы, "Авира Групп", "Бишкек Инвест" жана "Бишкек Дистрибьюшн" жоопкерчилиги чектелген коомдоруна жалпы суммасы 1 млн сомдон ашык айып пул салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы курулуштагы мыйзамдардын сакталышын камсыздап келет.

Мекеменин маалыматына ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө уруксат берүүчү жана долбоордук документтердин болушу, бекитилген долбоорго шайкештиги, ошондой эле курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин аткарылышы текшерилди.

Мындан тышкары, аталган жактарга мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү жазуу түрүндөгү көрсөтмөлөр берилди.

Бүгүнкү күнгө карата Чүй облусунун аймагындагы курулуш индустриясынын объекттерине, тактап айтканда, 25 юридикалык жана жеке тарапка текшерүү жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 19-октябрда мекемеден билдиришти. Анда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. "Биз эл аралык

Ишкер Media
Ноокатта күздүк айдоо иштерине 10 тонна күйүүчү май бөлүндү

Ноокатта күздүк айдоо иштерине 10 тонна күйүүчү май бөлүндү

Республика боюнча күздүк дан эгиндерин 200 миң гектар жерге себүү пландалууда. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, Ош облусунда 32 миң гектар аянтка себүү пландалган. Ал эми Ноокат районунда күздүк буудай жана арпа себүү үчүн жалпы 10 300 гектар жер аянты каралган. Бүгүнкү күнгө карата 1

Ишкер Media
Караколдо туризм тармагындагы ишкердик долбоор колдоого алынды

Караколдо туризм тармагындагы ишкердик долбоор колдоого алынды

Каракол шаарында ишкер Бакыт Ыбыкеев туристтер үчүн жайлуу A-frame үйлөрүн куруу долбоорун ишке ашырды. Долбоор аймактын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коомунан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган демилгени ишке ашыруу үчүн ишкерге “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААК аркылуу

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашты

Садыр Жапаров: Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашты

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Касымалиев Эсептөө палатасынын ардагерлерин жана кызматкерлерин мааракеси менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун куттуктоо текстин окуп берди. Куттуктоодо Эсептөө палатасы мамлекеттик

Ишкер Media