Эскертүү: Балыкчыда расмий катталган эки кум жээкте гана куткаруучулар бар

Эскертүү: Балыкчыда расмий катталган эки кум жээкте гана куткаруучулар бар

Балыкчы шаарында сууга түшүүгө расмий уруксат берилген жана куткаруучулар нөөмөттө турган эки гана кум жээк бар. Бул тууралуу калаанын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардагы "Green City Center" жана "Толкун" кум жээктеринде гана эс алуучулардын коопсуздугу үчүн бардык шарттар түзүлүп, куткаруучулар үзгүлтүксүз нөөмөттө турушат.

Ал эми "Алия" аймагында сууга түшүүгө тыюу салынат. Себеби бул жер расмий пляж болуп саналбайт, куткаруучулар жок жана куткаруу шаймандары менен камсыздалган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тараткан расмий эскертүүгө ылайык, аталган аймактын суусунун түбүндө калың балырлар, күтүүсүз терең жерлер, темир калдыктары жана курулуш материалдары кездешет. Ошондой эле сууга чөккөн учурлар катталган.

Мындан тышкары, көл жээгине баруучу жол темир жол аркылуу өткөндүктөн, поезд каттамына байланыштуу кошумча коркунуч жаралат.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү шаар тургундарын жана конокторун коопсуздук эрежелерин сактоого, балдарды кароосуз калтырбоого жана расмий уруксат берилген кум жээктерде гана эс алууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 19-октябрда мекемеден билдиришти. Анда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. "Биз эл аралык

Ишкер Media
Ноокатта күздүк айдоо иштерине 10 тонна күйүүчү май бөлүндү

Ноокатта күздүк айдоо иштерине 10 тонна күйүүчү май бөлүндү

Республика боюнча күздүк дан эгиндерин 200 миң гектар жерге себүү пландалууда. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, Ош облусунда 32 миң гектар аянтка себүү пландалган. Ал эми Ноокат районунда күздүк буудай жана арпа себүү үчүн жалпы 10 300 гектар жер аянты каралган. Бүгүнкү күнгө карата 1

Ишкер Media
Караколдо туризм тармагындагы ишкердик долбоор колдоого алынды

Караколдо туризм тармагындагы ишкердик долбоор колдоого алынды

Каракол шаарында ишкер Бакыт Ыбыкеев туристтер үчүн жайлуу A-frame үйлөрүн куруу долбоорун ишке ашырды. Долбоор аймактын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коомунан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган демилгени ишке ашыруу үчүн ишкерге “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААК аркылуу

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашты

Садыр Жапаров: Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашты

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Касымалиев Эсептөө палатасынын ардагерлерин жана кызматкерлерин мааракеси менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун куттуктоо текстин окуп берди. Куттуктоодо Эсептөө палатасы мамлекеттик

Ишкер Media