Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

19-20-июлда өлкө аймагында абанын табы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз абанын температурасы +41...+43 градуска чейин жетет.

Кыргызгидромет күндүн эң ысык маалында сыртта көп жүрбөөгө, жетиштүү суюктук ичүүгө жана өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугарууга чакырды.

Ошондой эле абанын кескин ысышынан улам мөңгүлөрдүн жана кардын эришинен айрым аймактарда суунун деңгээли көтөрүлүп, дарыялардын нугунан ашып кетүү коркунучу бар экенин эскертишти.

Метеорологдордун айтымында, Бишкекте июлда абанын температурасы 41 градуска чейин 2017, 2019 жана 2021-жылдары жеткен. Ал эми 2022, 2023 жана 2024-жылдары эң жогорку температура 40 градус болгон.

Ал эми аймактар боюнча айтсак, 2021-жылы 27-июлда Манас шаарында 44 градуска, 8-августта Айтматов районунда температура 40 градуска жеткен. 2022-жылы Баткенде 40 градус ысык болгон. 2025-жылы 4-июлда Талас шаарында абанын температурасы 38 градуска көтөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 19-октябрда мекемеден билдиришти. Анда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. "Биз эл аралык

Ишкер Media
Ноокатта күздүк айдоо иштерине 10 тонна күйүүчү май бөлүндү

Ноокатта күздүк айдоо иштерине 10 тонна күйүүчү май бөлүндү

Республика боюнча күздүк дан эгиндерин 200 миң гектар жерге себүү пландалууда. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, Ош облусунда 32 миң гектар аянтка себүү пландалган. Ал эми Ноокат районунда күздүк буудай жана арпа себүү үчүн жалпы 10 300 гектар жер аянты каралган. Бүгүнкү күнгө карата 1

Ишкер Media
Караколдо туризм тармагындагы ишкердик долбоор колдоого алынды

Караколдо туризм тармагындагы ишкердик долбоор колдоого алынды

Каракол шаарында ишкер Бакыт Ыбыкеев туристтер үчүн жайлуу A-frame үйлөрүн куруу долбоорун ишке ашырды. Долбоор аймактын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коомунан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган демилгени ишке ашыруу үчүн ишкерге “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААК аркылуу

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашты

Садыр Жапаров: Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашты

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Касымалиев Эсептөө палатасынын ардагерлерин жана кызматкерлерин мааракеси менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун куттуктоо текстин окуп берди. Куттуктоодо Эсептөө палатасы мамлекеттик

Ишкер Media