Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарынын Көчкөнөв көчөсүндөгү №135 даректе муниципалдык ипотекалык ишкана кура турчу көп батирлүү турак үйдүн курулушуна мезгил кутусун салышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгиленгендей, долбоорду муниципалдык ипотекалык ишкана ишке ашырууда. Жалпы 19 блоктон турган 6 кабаттуу турак үйдө 815 батир курулат. Алардын ичинен:
1 бөлмөлүү — 246 батир;
2 бөлмөлүү — 494 батир;
3 бөлмөлүү — 75 батир.

Мындан тышкары, имараттын биринчи кабатында коммерциялык жайлар, балдар бакчасы жана унаа токтотуучу жайлар жайгаштырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Токой чарбасы: Кыргызстан Монголия менен кызматташууну күчөтөт

Токой чарбасы: Кыргызстан Монголия менен кызматташууну күчөтөт

Борбор Азиялык органикалык форумдун жана Улан-Батор шаарында өткөн "Expo0-2026" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан менен Монголиянын Токой кызматы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынан билдиришкендей, документ токойлорду туруктуу башкаруу, жерлерди калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана тажрыйба алмашуу багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин жаңы орун басары дайындалды

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин жаңы орун басары дайындалды

Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчисинин орун басары болуп Чыңгыз Казиев дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Венера Кулатаева биринчи орун басары болуп бекитилди. Маалыматка ылайык, бул чечим парламенттин аппаратынын ишин уюштуруу жана башкаруу түзүмүнө

Кырчында абалы начарлаган жаран тик учак менен ооруканага жеткирилди

Кырчында абалы начарлаган жаран тик учак менен ооруканага жеткирилди

Кырчын этномаданий шаарчасында ден соолугунун абалы кескин начарлаган Кыргызстандын жараны ӨКМдин тик учагы менен Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-сентябрда жаран медициналык жардам алуу үчүн ӨКМдин мобилдик госпиталына кайрылган. Апааттык медицина кызматынын адистери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жаранды алгачкы медициналык

Марлен Маматалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшү менен таанышты

Марлен Маматалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшү менен таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшү менен таанышты. Аймактагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, ал көчмөн элдердин маданияты, каада-салты жана улуттук баалуулуктары чагылдырылган маданий иш-чараларга күбө болду. Жогорку Кеңештин төрагасын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Бакытбек Жетигенов коштоп жүрдү. Кыргызстандын