Айыл чарба: 489 ишкананын 65и гана талапка жооп берген документ көрсөттү
2026-жылы жүргүзүлгөн байкоонун жыйынтыгында 489 ишкердик субъекттин 65инде гана фитосанитардык документтер бар экени аныкталды. Бул тууралуу Каракол шаарында өткөн ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча тескөөчүлөрдүн окуу-семинарында маалымдалды.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, семинар Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, анда талаптардын сакталышын күчөтүү, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштуруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, кызматкерлердин ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүдөгү кесиптик билимин жогорулатууга багытталган окуулар өттү.
Ошондой эле жемкорлукту алдын алуу жана каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, катышуучулар мыйзам талаптарына ылайык чечим кабыл алуу боюнча окуялуу тапшырмаларды аткарышты.