“Алтынкен” ишканасы тоо бооруна эки тилде жазылган ураан боюнча үн катты

“Алтынкен” ишканасы тоо бооруна эки тилде жазылган ураан боюнча үн катты

Чүй облусундагы кыргыз-кытай биргелешкен “Алтынкен” ишканасы өзү жайгашкан аймактагы тоо бооруна түшүрүлгөн эки тилде жазылган ураанды алып салуу иштерин баштады. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоодогу жазуу 2015-жылы экологияны сактоого чакырык катары ошол кездеги бийликтин талабы менен түшүрүлгөн. Ишкана анын саясий мааниси жок экенин, жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөгөн экологиялык ураан болгонун белгиледи.

Компаниянын айтымында, ал кезде жергиликтүү жарандар менен катар Кытайдан келген адистер да иштегендиктен, жазуу эки тилде берилген. Учурда ишканадагы кызматкерлердин 95%ын Кыргызстандын жарандары түзөт.

Буга чейин социалдык тармактарда Кемин районундагы кен аймагындагы кытай тилиндеги жазуу талкуу жаратып, айрым колдонуучулар аны сынга алышкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, “Алтынкен” ишканасы Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка айылында жайгашкан. Ал 2006-жылы негизделип, 2015-жылы Кытай менен биргелешкен компания катары түзүлгөн. Кыргызстандын үлүшү 40%, Кытайдын үлүшү 60%ды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media