Автобус катышкан жол кырсыгына байланыштуу эки жетекчи иштен кетти

Автобус катышкан жол кырсыгына байланыштуу эки жетекчи иштен кетти

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында мэрияда Жаш Гвардия бульварында муниципалдык автобус катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы каралды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Атай Муратбеков кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча комиссия транспорт комплексинин ишин көзөмөлдөөнү уюштурууда бир катар кемчиликтерди аныктаганын маалымдады. Анын ичинде Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун тармакты көзөмөлдөгөн орун басарынын, ошондой эле “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директорунун ишинде да кемчиликтер белгиленген.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев негизги милдет күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу менен гана чектелбестен, кырсыктын келип чыгышына өбөлгө болгон системалык себептерди аныктап, аларды жоюу экенин баса белгиледи.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй кадрдык чечимдер кабыл алынды:

Мэрдин орун басары Рамиз Алиевге катуу сөгүш жарыяланды;

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланды;

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков ээлеген кызматынан бошотулду;

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media