Балыкчыда кафенин ээси агынды суулардан улам 28 миң сомго айыпка жыгылды

Балыкчыда кафенин ээси агынды суулардан улам 28 миң сомго айыпка жыгылды

Балыкчы шаарындагы “Оазис” кафесинен айлана-чөйрөгө агынды суулар төгүлүп жатканы аныкталып, ишканага 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-июлда желеде кафенин аймагынан агынды суулар төгүлүп жаткандыгы тууралуу видео жарыяланган. Анын негизинде кызматкерлер ыкчам текшерүү жүргүзүшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары бузулганы аныкталып, факт тастыкталган.

Натыйжада ишканага карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 28 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы агынды сууларды айлана-чөйрөгө мыйзамсыз төгүү экологиялык талаптарды бузуу болуп саналарын жана мындай аракеттер үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги №56 мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектеги №56 мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №56 муниципалдык орто жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мектеп 1971-жылы курулуп, 800 окуучуга ылайыкталган. Окуучулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу 1989-жылы негизги имаратка кошумча окуу корпусу курулуп, ал дагы 600 окуучуга

Кочкор-Атага 25 млн долларга мунайды кайра иштетүүчү завод курулат

Кочкор-Атага 25 млн долларга мунайды кайра иштетүүчү завод курулат

Министрлер Кабинети менен “Борбордук Азия энергетикасы” ЖЧКсынын ортосунда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында инновациялык мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу жана иштетүү долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан тараптан документке Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, ал эми

Автобус катышкан жол кырсыгына байланыштуу эки жетекчи иштен кетти

Автобус катышкан жол кырсыгына байланыштуу эки жетекчи иштен кетти

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында мэрияда Жаш Гвардия бульварында муниципалдык автобус катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы каралды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Атай Муратбеков кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча комиссия транспорт комплексинин ишин көзөмөлдөөнү уюштурууда бир катар кемчиликтерди аныктаганын маалымдады. Анын

Чоң-Таш жайлоосунда жер кыртышына тийген зыян 75 миң сом деп эсептелди

Чоң-Таш жайлоосунда жер кыртышына тийген зыян 75 миң сом деп эсептелди

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы Чоң-Таш жайлоосунда өндүрүш калдыктары мыйзамсыз төгүлгөнүн аныктады. Анын кесепетинен жер кыртышына 75 миң 168 сом өлчөмүндө зыян келген. Ошондой эле аталган жайлоонун Бытый жер