Баткенде жыл аягына чейин ипотекалык үйлөрдүн бир бөлүгү пайдаланууга берилет

Баткенде жыл аягына чейин ипотекалык үйлөрдүн бир бөлүгү пайдаланууга берилет

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен шаарында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында 12 кабаттуу "Асман резиденс №1", "Асман резиденс №2" "Асман резиденс №3" турак жай комплексттери курулуп жатат. Үч комплексттеги батирлердин жалпы саны 4116ны түзөт. 

Быйылкы жылы "Асман резиденс №1" турак жай комплексинин 17 блогу, 1050 батир жыл аягына чейин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. 

Учурда ипотекалык үйлөрдүн суу кампасы, саркынды суу системасынын курулушу жүрүүдө. 
Бүгүнкү күндө облус боюнча мамлекеттик ипотекалык компаниясынан турак үй алуу үчүн 3425 адам кезекте турат. 

Белгилей кетсек, ипотекалык үйлөр облустун бардык район шаарларына куруу пландалган, ал үчүн жер тилкелери ажыратылып, сунуштар жиберилген.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media