Бишкекте 384 орундуу мектеп курулууда
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулууда. Алардын бири Ленин районундагы №42 мектеп.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын март айында Курулуш министрлиги тарабынан башталган.
Башкы планга ылайык, жаңы мектеп заманбап үлгүдө курулуп, 384 окуучуга ылайыкталган. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык зарыл шарттар каралат. Имараттын жалпы аянты 3 436 чарчы метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө курулуш иштери 48 пайызга аяктап, курулуш аянтчасында 64 жумушчу эмгектенүүдө. Учурда дубалдарды кирпич менен тургузуу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки мөөнөт менен 800гө жакын окуучу билим алат.
Бул долбоорду ишке ашыруу аймактагы мектептердеги орун тартыштыгын жоюуга багытталган.