Чаткалдагы Чаарат кенин өздөштүрүү боюнча талкуу болду

Чаткалдагы Чаарат кенин өздөштүрүү боюнча талкуу болду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматында “Чаарат ЗААВ” ЖАКынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Чаарат кенин өздөштүрүү долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, долбоорду мындан ары ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын көмөгүн талап кылган маселелерди белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз геология кызматы өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында кенди мындан ары өздөштүрүүгө байланышкан маселелерди чечүүгө зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Тараптар долбоорду ишке ашырууу үчүн зарыл болгон конкреттүү чараларды аныктоо багытында биргелешкен ишти улантууга макулдашышты.

“Чаарат” долбоорун ишке ашыруу инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү жана Чаткал районунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу