Курулуш эрежелерин бузган компанияларга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды

Курулуш эрежелерин бузган компанияларга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы архитектура, шаар куруу жана курулуш мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында туруктуу көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында уруксат берүүчү жана долбоордук документтер, шаар куруу мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы, курулуш иштеринин бекитилген долбоордук документацияга шайкештиги, ошондой эле өндүрүш объекттерин эксплуатациялоодо курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышы текшерилди.

Бүгүнкү күнгө карата Чүй облусунун аймагындагы курулуш индустриясынын объекттерине, анын ичинде бетон-эритме түйүндөрүнө, асфальт-бетон заводдоруна жана майдалоо-сорттоо комплекстерине караштуу 25 юридикалык жана жеке жакка текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар куруу жана архитектура мыйзамдарынын талаптарын бузган “Арал-Боом”, “Мостострой отряд” мамлекеттик ишканасына, “Авира Групп”, “Бишкек Инвест” жана “Бишкек Дистрибьюшн” ЖЧКларына карата жалпы суммасы 1 000 000 сомдон ашык өлчөмдө айып пул салынды.

Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча жазуу түрүндө көрсөтмөлөр берилди. 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media