Сары-Жаз дарыясына “Зайнулин” жана “Ак-Үңкүр” көпүрөлөрү курулууда

Сары-Жаз дарыясына “Зайнулин” жана “Ак-Үңкүр” көпүрөлөрү курулууда

Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясы аркылуу өтө турган эки көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, “Зайнулин” жана “Ак-Үңкүр” көпүрөлөрүн куруу долбоорлору ишке ашырылууда.

“Зайнулин” көпүрөсүнүн узундугу 76,13 метрди түзөт, конструкциянын сырткы туурасы 5,8 метрди жана ички туурасы 4,54 метр. Көпүрө үч тирөөчкө орнотулуп, жалпы узундугу 64,2 метр болгон металл конструкциядан курулган. Долбоордо ошондой эле көпүрөгө алып баруучу жана андан чыгуучу жолдорду куруу дагы каралган. “Зайнулин” көпүрөсүнүн курулушу толугу менен бүткөрүлүп, учурда тегерегин иретке келтирүү, көрктөндүрүү жана түздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми, “Ак-Үңкүр” көпүрөсүнүн узундугу 143,26 метрди түзөт, конструкциянын сырткы туурасы 5,8 метрди, ал эми ички туурасы 4,54 метр. Жалпы узундугу 131,06 метр болгон металл конструкцияларды колдонуу менен беш тирөөчтүн үстүнө курулууда. Долбоордо ошондой эле көпүрөгө кирүүчү жана чыгуучу жолдорду куруу дагы каралган. Келишимдик милдеттенмелерге ылайык, “Ак-Үңкүр” көпүрөсүнүн курулушун аяктоо 2026-жылдын 1-августунан кечиктирилбестен ишке ашыруу пландаштырылган.
 

Учурда объекттердин ишенимдүүлүгүн жана бышыктыгын камсыз кылуу максатында коргоочу курулмалар курулууда. Мындан тышкары, долбоордук-сметалык документтер Кыргызстандын курулуш ченемдерине жана талаптарына ылайык келтирилип, архитектуралык-шаар куруу корутундусун алуу үчүн тиешелүү органдарга тапшырылды.

Министрлер Кабинетинин төрагасы курулуш иштерин өз убагында аяктоонун жана объекттердин сапатын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өлкө аймактарында инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү зарылдыгына басым жасады.

Сары-Жаз аймагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү 180 миң гектардан ашык жайыт жерлерин натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media