Ысык-Көлдөн 7,3 чакырым тор жана 130 кг тиричилик калдыгы чыгарылды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл акваториясында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, рейд көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтуу максатын көздөдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жана суудан жалпы узундугу 7 300 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды. Мындан тышкары, 130 килограмм тиричилик калдыктары табылып, суудан чыгарылып, тиешелүү тартипте тазаланды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча рейддик жана көзөмөлдөө иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгилейт.