Жал айылында 4 чакырымдан ашык жол жарыктандырылды
“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы Жал айылында көчө жарыгын орнотуу иштерин аяктады. Алгачкы жолу узундугу 4 чакырымдан ашык болгон айланма жолдон Жал айылына чейинки унаа жолу тышкы жарыктандыруу менен камсыздалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Көчөгө жарык берүү иш-чарасына Ленин районунун акиминин орун басары Нурсултан Бейшенбек уулу, “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Мухамедали Жекшенов, ошондой эле айыл тургундары катышты.
Долбоордун алкагында 152 заманбап LED жарык чырагы орнотулуп, 96 тышкы жарыктандыруу мамысы коюлуп, 6 миң метрден ашык кабелдик линиялар тартылды.
Негизги жолдон тышкары, айылдын ички көчөлөрү да жарыктандырылды. Алар: Орок көчөсүнөн Бакен-Ата көчөсүнө чейинки тилке, ошондой эле Нияз-Ата, Аланов Сатке жана Гагарин көчөлөрү.