Жалал-Абадда мыйзамсыз башталган курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Жалал-Абадда мыйзамсыз башталган курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Жалал-Абад региондук башкармалыгы Тарсус көчөсү 68 дарегинде курулуп жаткан объектте мыйзам бузууларды аныктап, курулуш иштерин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин аймактык башкармалыгы аталган объектке пландан тышкаркы текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүдө курулуш иштери бекитилген долбоордук-сметалык документтерсиз жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок башталганы аныкталган. Ошондой эле 7 метр тереңдиктеги жер казуу иштери шаар куруу талаптарын бузуу менен жүргүзүлгөнү белгиленген.

Мындан тышкары, курулуш аянтында коопсуздук чаралары толук камсыздалбай, коргоочу тосмо жана жарыктандыруу орнотулган эмес. Ошондой эле казылган жер турак үйдүн пайдубалына жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймакка жакын жайгашып, кооптуу жагдай жаратканы айтылды.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча “С.С. Строй” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, курулуш иштери токтотулган. Учурда объектти коопсуздук талаптарына ылайыкталып, курулуш аянтын тосулуп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун