2025-жылы жол кырсыгынан 900 адам каза болгон

2025-жылы жол кырсыгынан 900 адам каза болгон

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетектеген делегация Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өтүп жаткан жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу маселелери боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйынына катышууда. Жыйындын пленардык отурумунда министр Кыргызстандын атынан расмий баяндама жасады. Бул тууралуу аталган минстрликтен билдиришти.

Дамир Осмонов жарандардын өмүрүн сактоо жана жол-транспорт кырсыктарынан келип чыккан жаракаттарды азайтуу Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана адамдык потенциалын сактоо менен түздөн-түз байланыштуу экенине токтолду. 

Министр улуттук статистиканын кооптуу көрсөткүчтөрүн келтирди. 2025-жылы республика боюнча 8 миң 456 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 900 адам каза болуп, 12 миңден ашуун жаран ар кандай жаракаттарды алган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media