Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн
Жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөт.
ӨКМдин маалыматына ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 – 20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Жарандарды этият болуп, мүмкүн болгон аба ырайынын кескин өзгөрүшүн эске алуу сунушталат.