Бишкекте коомдук транспорттордо рейд өтүүдө

Бишкекте коомдук транспорттордо рейд өтүүдө

2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарында “Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасы коомдук транспортто жол киренин төлөнүшүн көзөмөлдөө максатында рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, текшерүүчүлөр жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөнүн, ошондой эле банк картасы, QR-код же башка ыкмалар менен төлөгөн учурда төлөмдү тастыктаган электрондук же кагаз түрүндөгү чектин бар-жогун текшеришет.

“Бишкек шаардык транспорту” бардык жүргүнчүлөрдү жол кирени өз убагында төлөп, текшерүү аяктаганга чейин төлөмдү тастыктаган чекти сактап жүрүүгө чакырат.

Коомдук транспортто жол киресин төлөбөгөн жүргүнчүлөр административдик жоопкерчиликке тартылып, 1000 сом өлчөмүндө айып пулга тартылат.

Муниципалдык ишкана борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук транспортту пайдалануунун эрежелерин так сактоого жана жол кирени өз убагында төлөөгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу