Бишкектеги Ж.Абдрахманов Москва көчөлөрүнүн кесилиши көрктөндүрүлөт

Бишкектеги Ж.Абдрахманов Москва көчөлөрүнүн кесилиши көрктөндүрүлөт

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери Ж. Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук мейкиндикти көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыкты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты – борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана көп функционалдуу шаардык мейкиндик түзүү.

Долбоордун алкагында төмөнкү функционалдык жайларды түзүү каралган:

- эс алуу жайы;

- шахмат ойноочу аймак;

- көчө китепканасы;

- балдар үчүн оюн аянтчасы;

- спорттук машыгуу аянтчасы;

- фонтандарды жаңылоо;

- унаа токтотуучу жай;

- коомдук даараткана.

Ошондой эле долбоордо унаа токтотуучу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жайларды атайын бөлүү каралган. Бул аймакты жөө басууга жана эс алууга ыңгайлуу, коопсуз мейкиндикке айландырууга шарт түзөт.

Ал эми, долбоорду ишке ашыруу жана аймакты көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун