Манас районунун Кара-Арча айылына 30 млн сомдук бала бакча курулду

Манас районунун Кара-Арча айылына 30 млн сомдук бала бакча курулду

Курулуш министрлигинин алдындагы “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында жаңы бала бакча курулду. Объект 50 орунга ылайыкталып, жалпы наркы 30 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушу 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик толугу менен аяктап, учурда айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, аймак тосулуп, брусчатка төшөө иштери бүткөрүлдү.

Имаратта уктоочу бөлмөлөр, тарбиялык сабактарды өткөрүүчү бөлмөлөр, медициналык бөлмө, ашкана жана кабыл алуу бөлмөсү каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Корумду – Балбай Баатыр жолуна асфальт төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолуна асфальт төшөлдү

Ысык-Көл айланма автожолунун 104 – 184, 5-чакырымындагы Корумду – Балбай баатыр тилкесин оңдоо  иштери тынымсыз уланууда.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, бүгүнкү күндө жалпы 79,2 чакырым төмөнкү катмардагы асфальт төшөлүп бүттү. Ошондой эле 71,6 чакырым аралыкка асфальттын үстүңкү катмары төшөлдү.  Мындан тышкары, 14 көпүрөнүн жана

Мамлекеттик маанилүү иш-чараларга байланыштуу дрон учурууга чектөө киргизилет

Мамлекеттик маанилүү иш-чараларга байланыштуу дрон учурууга чектөө киргизилет

Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарында учкучсуз учуучу аппараттарды жана чакан авиацияны пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилет. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, бул чектөө Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын консультативдик жолугушуусуна, ошондой эле F1H2O суу-мотор спорту боюнча

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 51 миң 888 сомду түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25%га өстү. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу эмгек акы 13,1%га жогорулады. Статистика комитетинин маалыматына

Кумтөр кенинен мамлекетке  1,2 млрд доллар каражат түштү

Кумтөр кенинен мамлекетке  1,2 млрд доллар каражат түштү

Кумтөр кени мамлекеттик башкарууга өткөн 4,5 жыл ичинде өлкө бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн 216 миң доллар которулду. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын отчёттук маалыматында айтылат. Бул көрсөткүч 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилди камтыйт. Аталган мезгил