Ноокендеги инновациялык мектеп жаңыланууда

Ноокендеги инновациялык мектеп жаңыланууда

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №6 Арал жалпы билим берүү мектеби 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында тандалып алынган 53 инновациялык мектептин бири. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан билим берүү трансформациясынын алкагында инновациялык мектептерде заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү, STEM-билим берүүнү өнүктүрүү, санариптик технологияларды кеңири колдонуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер системалуу жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө №6 Арал инновациялык мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында окуу бөлмөлөрү, китепкана, STEM-бөлмөлөр, эмгекке үйрөтүү бөлмөсү жана башка окуу жайлары жаңыланып, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.

Мектеп жетекчилиги инновациялык мектептерди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларга активдүү катышып, трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу багытындагы окуулардан өтүү аркылуу башкаруунун жаңы ыкмаларын ишке киргизүүдө.

Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин мектеп STEM-лабораторияларга жана санариптик окутуу үчүн зарыл болгон жабдууларга ээ болуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media