Садыр Жапаров: Кыргызстанга 13 миллион турист келди

Садыр Жапаров: Кыргызстанга 13 миллион турист келди

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу кылды. Ал туризм жаатында өсүш байкалганын билдирди.

Анын айтымында, 2020-2021-жылга чейин өлкөгө 2-3 миллион турист келип жүргөн болсо, бүгүн туристтердин саны 13 миллионго жетти. 

“Бул деген экономиканын өскөнүн, өлкөбүздүн аты дүйнөгө дүңгүрөп аткандыгын, туристтерди өзүнө тартып жатканын билдирет. Биз 7 миллион эле калкпыз. 
Эки эсе көп турист келди деген сөз, ИДПнын өсүшүнө 4-5% кошумча болду деген сөз. Дүйнө өлкөлөрү өздөрүнүн мамлекетине туристерди чакырып, жарнама кылыш үчүн миллиарддаган каражат колдонушат. Бизге болсо туристтер өздөрү агылып келип жатканына сүйүнүшүбүз керек”, - дейт президент.

"Аларды жакшылап тосуп алышыбыз керек. Себеби ар бир турист ИДПга салым кошот. Бул деген сөз ар бир турист ар бир Кыргызстандыктын жакшы жашоосуна салым кошуп кетти деген сөз. Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт. Туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат", - деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media