Ысык-Көлдөн 11,6 чакырым синтетикалык тор чыгарылды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл акваториясында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтуу максатын көздөдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 15-июлдан тартып ушул күнгө чейин көлдүн түбүнөн жана суудан жалпы узундугу 11 600 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды. Мындан тышкары, 190 килограмм тиричилик калдыктары табылып, суудан чыгарылып, тиешелүү тартипте тазаланды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча рейддик жана көзөмөлдөө иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгилейт.