Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди
Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы Орто-Кайыңды коктусунан түшкөн кыян суулары айыл чарба жерлерин, эс алуучу жайды, балчылардын бал челектерин жана бир унааны агызып кеткен.
ӨКМДин маалыматына ылайык, Жарандык коргонуу комиссиясы селден 2 миллион 55 миң 600 сом зыян келтирилгенин аныкташкан. 12-июлда жааган жаан жеке ишкерлердин 180 бал челегин, “Lexus RX-300” үлгүсүндөгү жеңил унаасын, 20 тонналык бир контейнерди агызып кеткен.
Ошондой эле бир мал кармаган сарайды, эс алуучу жайдагы эки боз үйдү, 14 дыйкандын 40 гектар жериндеги көп жылдык чөбүн, картошкасын жана арпа аянтын каптаган. Мындан тышкары 1100 метр канал-арыктар кумга толгон.