Эркечтам өткөрүү пункту жаңыланууда

Эркечтам өткөрүү пункту жаңыланууда

Бажы органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун алкагында 16-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев Эркечтам өткөрүү пунктуна барды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө А.Салиев Эркечтам өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү, ошондой эле өткөрүү пунктунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана көзөмөлдөн өтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик көзөмөл органдарынын ишин уюштуруу менен таанышты.

Долбоор аяктагандан кийин өткөрүү пунктунун долбоордук өткөрүү жөндөмдүүлүгү бир багытта 1000 транспорт каражатына чейин жетет.

Бул багытта төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:

өткөрүү пунктунун аймагы 8 гектарга чейин кеңейтилүүдө;

жаңы объекттер курулууда, анын ичинде өткөрүү пунктунун ичинде унаа тилкелери көбөйтүлүп, кирүү үчүн 6 жана чыгуу үчүн 4 тилке уюштурулууда;

саатына 120 транспорт каражатын өткөрүүгө жөндөмдүү заманбап инспекциялык-текшерип кароо комплекси курулууда;

жол инфраструктурасы өнүктүрүлүүдө;

кошумча аянтчалар курулууда.

Мындан тышкары, “ГТИ” ААКка жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин тездетүү, подряддык уюмдар, ошондой эле тиешелүү министрликтер жана мекемелер менен өз ара иш алып барууну жакшыртуу жана активдештирүү аркылуу жаңыланган өткөрүү пунктун мүмкүн болушунча эртерээк аяктап, пайдаланууга берүү боюнча тапшырмалар берилди.

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media