Соттуулугу жоюлган жарандар мамлекеттик кызматка кабыл алынбайт

Соттуулугу жоюлган жарандар мамлекеттик кызматка кабыл алынбайт

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева маалыматтык жыйында, мамлекеттик кызматка талапкердин соттуулугу жоюлган же алынганына карабастан, ал тууралуу маалымат милдеттүү түрдө эске алынарын белгиледи.

2024-жылдын 31-декабрындагы мыйзамга ылайык, мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы кылмыш иши козголгон адам, соттуулугу жоюлганына же алынганына карабастан, ошондой эле кылмыш иши реабилитациялоочу эмес негиздер менен токтотулган болсо да, мамлекеттик кызматка кабыл алынбайт.

Мындан тышкары, бул талаптар аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарына да тиешелүү.

Аскердик кызматка же укук коргоо органдарына ишке кабыл алууда талапкердин жакын туугандары тууралуу маалымат, ошондой эле алардын соттуулугунун бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат талап кылынат.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында чет тилде жазылган көрнөк-жарнактар алынды

Манас шаарында чет тилде жазылган көрнөк-жарнактар алынды

Манас шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга жана тил эрежелеринин талаптарына жооп бербеген, грамматикалык жана орфографиялык каталарга жол берилген көрнөк-жарнактар алынды.  Манас шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, ишкерлерге жана тиешелүү тараптарга көрнөк-жанактарды жана жарнамаларды мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Негизинен кытай тилинде жазылган жайлардын аталыштары алынган.

Ошто мыйзамсыз жер казуудан мамлекетке 78,6 млн сом зыян келтирилген

Ошто мыйзамсыз жер казуудан мамлекетке 78,6 млн сом зыян келтирилген

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамдардын аткарылышын текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ош шаарынын мэриясы тиешелүү ыйгарым укугу жок болсо да кум-шагыл аралашмасы менен чопо топурагын казып алууга укук берүүчү 33 күбөлүктү мыйзамсыз берген. Мындан тышкары, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын

Wildberries кампаларындагы окуя: Кыргызстандык ишкерлердин чыгымы бааланууда

Wildberries кампаларындагы окуя: Кыргызстандык ишкерлердин чыгымы бааланууда

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 21-июлда Кыргыз Республикасындагы Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү А. Воробьев менен жолугушуу өткөрдү. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык борборлоруна учкучсуз учуучу аппараттар менен жасалган чабуулдун кесепеттери талкууланды. Окуядан кампаларда

Жайыл районунун Сары-Коо айылынын башчысы кармалды

Жайыл районунун Сары-Коо айылынын башчысы кармалды

Чүйдүн Жайыл районунун Сары-Коо айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Шектүү жеке ишкер тарабынан кызмат көрсөтүү боюнча жасалма келишимди колдонуп, ири суммадагы акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке зыян келтирген. Ага карата кылмыш