Жайыл районунун Сары-Коо айылынын башчысы кармалды

Жайыл районунун Сары-Коо айылынын башчысы кармалды

Чүйдүн Жайыл районунун Сары-Коо айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Шектүү жеке ишкер тарабынан кызмат көрсөтүү боюнча жасалма келишимди колдонуп, ири суммадагы акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке зыян келтирген.

Ага карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebook, InstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Дене тарбия жана спорт  агенттигинин орун басары дайындалды

Дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары дайындалды

Мирбек Моңолов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, аны Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Айбек Абдымомунов агенттиктин эмгек жамаатына тааныштырды. Мирбек Моңолов, 2001-жылы Нарын мамлекеттик университетинин Финансы жана кредит факультетин

Каракол капчыгайына унаа менен кирүүгө чектөө киргизилди

Каракол капчыгайына унаа менен кирүүгө чектөө киргизилди

21-22-июлда жаап өткөн нөшөрлүү жаандан улам Каракол суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол капчыгайына, “Каракол” Мамлекеттик паркынын буйругунун негизинде унаа менен барууга убактылуу чектөө киргизилди. ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, мындан сырткары жарандарды, туристтерди аталган аймакка барбай турууга чакырат. Жеринде

Кара-Сууда шагыл-кум өндүрүүчү завод текшерилди

Кара-Сууда шагыл-кум өндүрүүчү завод текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү заводдо текшерүү жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүк технологиялык процессти карап чыгып, анын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалашты. Ошондой эле өндүрүлгөн продукциядан сертификациялык лабораториялык сыноолорду өткөрүү үчүн

Манас шаарында чет тилде жазылган көрнөк-жарнактар алынды

Манас шаарында чет тилде жазылган көрнөк-жарнактар алынды

Манас шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга жана тил эрежелеринин талаптарына жооп бербеген, грамматикалык жана орфографиялык каталарга жол берилген көрнөк-жарнактар алынды.  Манас шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, ишкерлерге жана тиешелүү тараптарга көрнөк-жанактарды жана жарнамаларды мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Негизинен кытай тилинде жазылган жайлардын аталыштары алынган.