Быйыл Бишкекте 127 көчө оңдолот

Быйыл Бишкекте 127 көчө оңдолот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы 127 көчөдө жумуштарды аткаруу жана 29 көчөнүн жөө адамдар өтүүчү тротуарларын оңдоо пландаштырылган. Учурда 119 объектте иштер башталып, 46 объектте, анын ичинде автомобилдик жолдордун 33 тилкесинде жана тротуарлардын 13 тилкесинде оңдоо аяктады.

Подряддык уюмдарга белгиленген талаптарды сактабоо, келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу тийиштүү чараларды көрүүгө алып келери эскертилди. Белгиленген тартипте мындай уюмдарды ишенимсиз жеткирүүчүлөрдүн реестрине киргизүү маселеси көтөрүлөрү маалымдалды. Бул өз кезегинде муниципалдык тапшырыкчылардын ишениминен ажыроого жана мыйзамдарда каралган чектөөлөргө ылайык келечекте мамлекеттик сатып алууларга катышуу жана шаардык кызматтар менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө алып келет.

Талкуунун жүрүшүндө подряддык уюмдардын өкүлдөрү айрым тилкелерде жумуштарды аткарууга тоскоолдук жараткан жана тийиштүү шаардык кызматтардын катышуусун талап кылган бир катар көйгөйлүү маселелерди белгилешти.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media