“Даяр лицензия сатылат”: министрлик ортомчуларга ишенбөөгө чакырды

“Даяр лицензия сатылат”: министрлик ортомчуларга ишенбөөгө чакырды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жарандарды курулуш лицензиясын ортомчуларсыз, мыйзам талаптарына ылайык алууга чакырды.

Маалыматка ылайык, учурда социалдык тармактарда “Даяр лицензия сатылат”, “Лицензияны тез алып беребиз” деген сунуштар чыгып жатат. Министрлик мындай билдирүүлөргө ишенүү олуттуу тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Белгиленгендей, курулуш лицензиясын алуу иштери толугу менен санариптештирилип, документтерди онлайн тапшырууга болот. Бардык талаптар аткарылган учурда лицензия бир күндүн ичинде электрондук түрдө берилет.

Ошондой эле министрлик лицензия сатылуучу же башка жакка өткөрүлүп берилүүчү документ эместигин, аны алган субъектке гана таандык болгонун эскертти.

Эгерде лицензия мыйзамсыз жол менен алынганы аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлүп, мыйзам бузган субъекттер кара тизмеге киргизилет.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Түрк мамалекеттер уюмунунун башкы катчысы менен жолукту

Президент Түрк мамалекеттер уюмунунун башкы катчысы менен жолукту

Президенти Садыр Жапаров 23-июлда, Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, буга чейин жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Президент Садыр

Токтогул шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Токтогул шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Токтогул шаарынын мэри ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти. Бекмамат Бактыбеков башка ишке которулгандыгына байланыштуу Токтогул шаарынын мэри кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду. Тиешелүү чечим Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлдү. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу

Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда 22-июлда саат 20:48де жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогунда 3 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан түндүккө карай 7 чакырым, Жерге-Тал айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Нарын шаарынан түндүк-батышка карай 35 чакырым жана Бөкөнбаев айылынан

Ысык-Көлдөн алты айда 50 миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн алты айда 50 миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды

2026-жылдын алты айында Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашык синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Министрликтин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишевдин айтымында, 2025-жылы бир жыл ичинде көлдөн 47,5 миң метр тор чыгарылса, быйыл 6 айда бул