Электросталь шаарындагы жардыруудан эки кыргызстандык жараат алды

Электросталь шаарындагы жардыруудан эки кыргызстандык жараат алды

Россия Федерациясынын Москва облусунун Электросталь шаарында жайгашкан Wildberries компаниясынын кампасында 18-июлунда болгон кырсыкка байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын  Россия Федерациясындагы элчилиги менен биргеликте кырдаалды көзөмөлгө алып, Россиядагы компетенттүү мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигининмаалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен жабыркаган Кыргызстандын жарандарын аныктоо жана алардын абалы тууралуу маалыматтарды тактоо максатында өкүлчүлүктүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ошондой эле Россия Федерациясынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү бөлүмүнө жана жабыркаган жарандар жеткирилген медициналык мекемелерге барышты.

Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын 2 жараны медициналык мекемелерге жаткырылган, алардын бири дарылануудан өткөндөн кийин ооруканадан чыгарылган.

 

Мындан тышкары окуңуз

Республика боюнча дан эгиндеринин 31%ы жыйналды

Республика боюнча дан эгиндеринин 31%ы жыйналды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министр Эрлист Акунбековдун катышуусунда аппараттык жыйын өттү. Анда оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын 2026-жылдын I жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы каралды.Республика боюнча дан эгиндеринин 31%ы жыйналды. Түшүм жыйноону өз убагында

Улуттук банк: өлкөдө нак акчанын көлөмү былтыркыдан 33 млрд сомго өстү

Улуттук банк: өлкөдө нак акчанын көлөмү былтыркыдан 33 млрд сомго өстү

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 1-июлга карата 317 млрд 26,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жүгүртүүдөгү акчанын ичинен 31 млрд 20,3 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 286 млрд 5,9 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда болгон. Өткөн жылдын ушул

Салык кызматында 11 млрд сомдон ашык салык түшпөй калуу тобокелчилиги жаралган

Салык кызматында 11 млрд сомдон ашык салык түшпөй калуу тобокелчилиги жаралган

Эсептөө палатасы мамлекеттик салык кызматында 2025-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жана кызматтын өз бюджетинин сарпталышына карата шайкештик аудитин аяктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы салык башкаруусунда да, мекеменин финансылык тартибинде да олуттуу мүчүлүштүктөр бар экенин көрсөттү. Аудиттин жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдүн декларациялары, отчеттору жана эсеп-фактуралары боюнча 11 миллиард 559 миллион

Таласта бизнес чөйрөсүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселеси талкууланды

Таласта бизнес чөйрөсүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселеси талкууланды

Талас облусунун прокуратурасында Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Салык кызматынын, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле жеке ишкерлер катышты. Жыйындын жүрүшүндө аймактагы ишкердикти