Караколдо мамлекеттик тил талаптарына ылайык келбеген жарнамалар оңдолот

Караколдо мамлекеттик тил талаптарына ылайык келбеген жарнамалар оңдолот

23-июлда Каракол шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Асангазы кызы Элнура, мэриянын мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын облустук башкармалыгынын адистери катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаардын аймагындагы соода түйүндөрү, дүкөндөр, коомдук тамактануучу жайлар, дарыканалар жана башка коомдук жайлардагы маалыматтардын мыйзам талаптарына шайкештиги каралды.

Тактап айтканда, мекемелердин аталыштары, тышкы жарнамалар, маалымат такталары жана кулактандыруулар "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзамга ылайык жазылышын текшеришти.

Жыйынтыгында айрым жерлерде мамлекеттик тил талаптарына жооп бербеген кемчиликтер аныкталды. Алардын ээлерине мыйзам талаптарына ылайык жазуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындай иш-чаралар Каракол шаарында мамлекеттик тилдин коомдук турмуштагы колдонулушун кеңейтүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында мындан ары да улантылары белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media