Милиция Ак-Талаада иштеген чет өлкөлүктөргө мыйзам талаптарын түшүндүрдү
Ак-Талаа районунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун жана Нарын-Баетов унаа жолун куруп жаткан чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандарга өлкө аймагында жүрүү жана каттоо эрежелерин сактоо, коомдук тартипти бузбоо, жол кыймылынын эрежелерин так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле айдоочуларга спирт ичимдигин ичип унаа башкарбоо, жеке документтерин жана транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди дайыма алып жүрүү боюнча эскертүүлөр берилди.
Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жеке коопсуздукту сактоо жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча маалыматтар камтылган баракчалар таратылды.



